Аксы окуясы: жөлөкпулдарды көбөйтүү сунушталды

Эмгек министрлиги Аксы окуясында каза болгондор жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жөлөкпулдарды көбөйтүүнү сунуштоодо.   Бүгүнкү күндө 20 адам төлөмдөрдү алып жатат. Сумма айына 3 миң 700 сомду түзөт.   Мекеме баалардын көтөрүлгөнүнө карабастан, жөлөк пулдун көлөмү өзгөрбөгөнүн белгилейт. Ошондуктан төлөмдөрдү 4,5 миң сомго чейин жогорулатуу сунушталууда.… Кененирээк…

Чолпон-Атада сел жүрдү

Чолпон-Атада сел жүрдү. Социалдык тармактардагы видеолорго караганда, эртең менен шаарда мөндүр аралаш нөшөрлүү жаан жааган.   Эске салсак, бир күн мурун синоптиктер аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү тараткан. Ага ылайык, бүгүнтөн тарта 22-сентябрга чейин Кыргызстанда суук түшүп, айрым жерлерде жаан катуу жаайт, тоолордо кар жаашы… Кененирээк…

Бала-Саруу ГЭСинин курулушу декабрь айынын аягына чейин бүтөт

Бала-Саруу ГЭСинин курулушу декабрь айынын аягына чейин бүтөт.   Бирок энергетика министри Таалайбек Ибраев объектти ишке киргизүү үчүн Киров суу сактагычында суу жок экенин билдирди. Мындан улам, аталган ГЭС быйыл пайдаланууга берилбейт.   Чиновник түшүндүргөндөй, ГЭСтин кубаттуулугу 25 мегаватт, бирок быйыл беш мегаватт да иштеп… Кененирээк…

Кыргызстанда айрым айылдардын аталышын өзгөртүү демилгеси Жогорку Кеңеште биринчи окууда колдоо тапты

Кыргызстанда айрым айылдардын аталышын өзгөртүү демилгеси Жогорку Кеңеште биринчи окууда колдоо тапты.   Министрлер кабинети Баткен облусундагы Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз, Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон, Деш айылын Тынчтык, Дукур айылын Достук, Чек айылын Ынтымак деп өзгөртүүнү сунуштады.   Ошондой эле Ысык-Көл облусундагы Комсомольское айылына… Кененирээк…

Төө-Ашуу ашуусунда жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө

Төө-Ашуу ашуусунда жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик мекемеси билдирет.   Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолундагы аталган ашууда трасса кардан тазаланып, кум-туз аралашмасы себилип жатат.   Аталган каттам менен жолго чыга турган айдоочуларга жол эрежелерин сактап, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты… Кененирээк…

Кытай Кыргызстанга ар биринде 19 автоунаа бар эки көчмө оорукана тапшырды

Кытай Кыргызстанга ар биринде 19 автоунаа бар эки көчмө оорукана тапшырды.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Техника чукул кырдаалдарда жабыркагандарга жеринде сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн колдонулат. Тиешелүү макулдашуу өткөн жылы Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин ортосунда Самаркандда өткөн саммитте жетишилген.

Нарында Ормон Хандын 230 жылдыгы белгиленет

Нарын облусунун Кочкор районунда Ормон Ниязбек уулунун (Ормон Хан) 230 жылдыгы белгиленет. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында өтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, мааракенин алкагында Семиз-Бел айылында Кыргызстандын Мамлекеттик Туусу көтөрүлүп, Ормон Ниязбек уулунун эстелиги ачылат. Маданий иш-чаранын расмий… Кененирээк…

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык. novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, тоолуу райондордо жана Төө-Ашууда кар жаап жатат, бирок унаа кыймылына чектөөлөр киргизилген жок.   Бардык кооптуу делген ашууларда жол инспекторлорунун нөөмөтү уюштурулган, зарыл болсо, инерттүү материал себилүүдө. Алыскы сапарга чыга турган айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга… Кененирээк…

CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу боюнча жумуштар кызуу жүрүүдө

CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу боюнча жумуштар кызуу жүрүүдө. Улуттук электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, учурга карата мамыларга баруучу жолдорду куруу, котловандарды казуу жана 1 миң 243 мамыны бетон менен бекитүү иштери аткарылды.   Эске салсак, CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын энергетикалык системасын бириктирүүгө багытталат.… Кененирээк…

Кыргызстанда унду экспорттоого тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда унду экспорттоого тыюу салуу сунушталды.   Айыл чарба министрлиги тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, өлкө аймагынан 6 айга буудай жана унду чыгарууга чектөө киргизилет.   Бул азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана унга болгон бааны турукташтырууга байланыштуу. Чектөөлөр реэкспорт, транзит жана гуманитардык жүккө… Кененирээк…