Кыргызстанда унду экспорттоого тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда унду экспорттоого тыюу салуу сунушталды.

 

Айыл чарба министрлиги тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, өлкө аймагынан 6 айга буудай жана унду чыгарууга чектөө киргизилет.

 

Бул азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана унга болгон бааны турукташтырууга байланыштуу. Чектөөлөр реэкспорт, транзит жана гуманитардык жүккө тиешелүү болбойт. Эске салсак, соңку күндөрү Кыргызстанда ундун баасы кымбаттаганы катталууда.