CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу боюнча жумуштар кызуу жүрүүдө

CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу боюнча жумуштар кызуу жүрүүдө. Улуттук электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, учурга карата мамыларга баруучу жолдорду куруу, котловандарды казуу жана 1 миң 243 мамыны бетон менен бекитүү иштери аткарылды.

 

Эске салсак, CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын энергетикалык системасын бириктирүүгө багытталат. Анын алкагында Кыргызстан менен Тажикстандан электр энергиясы Афганистанга жана Пакистанга экспорттолот.