Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык. novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, тоолуу райондордо жана Төө-Ашууда кар жаап жатат, бирок унаа кыймылына чектөөлөр киргизилген жок.

 

Бардык кооптуу делген ашууларда жол инспекторлорунун нөөмөтү уюштурулган, зарыл болсо, инерттүү материал себилүүдө. Алыскы сапарга чыга турган айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жол эрежелерин сактап жүрүү сунушталат.