Кытай Кыргызстанга ар биринде 19 автоунаа бар эки көчмө оорукана тапшырды

Кытай Кыргызстанга ар биринде 19 автоунаа бар эки көчмө оорукана тапшырды.

 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Техника чукул кырдаалдарда жабыркагандарга жеринде сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн колдонулат. Тиешелүү макулдашуу өткөн жылы Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин ортосунда Самаркандда өткөн саммитте жетишилген.