Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курамасынын мүчөсү Белградда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалында бутунан жаракат алып, япониялык Юка Кагамиге 0:8 упай менен утулуп калды.

 

Белгилеп кетсек, Айпери Медет кызы кечээ дүйнө чемпионатында финалга чыгып, 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына Кыргызстан үчүн алгачкы жолдомону уткан.