Бишкек, Ош жана Чүйдө кызамыкка каршы эмдөө жүрүүдө

Бишкек, Ош жана Чүйдө кызамыкка каршы эмдөө жүрүүдө. Кызамык вирусунун тарап кетишин азайтуу, оорунун чыккан жерин аныктоо жана Кыргызстанда андан ары жайылуусуна жол бербөө максатында кызамык жана кызылчага каршы кошумча иммунизация боюнча өнөктүк жүрүп жатат.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей,  29-сентябрга чейин кызамык, кызылча вакцинасы менен 9 айдан   7 жашка чейинки балдар эмделет.

 

Эмдөөнү үй-бүлөлүк медицина борборлорунан, ФАПтан жана билим берүү мекемелеринде уюштурула турган убактылуу түйүндөрдөн алса болот.