Ленин бир мандаттуу округу боюнча шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкты. Боршайкомдон билдиришкендей, Жогорку Кеңеш депутатынын мандаты Кубанычбек Самаковго тапшырылат.
Ага 5 миң 279 шайлоочу же жалпы көрсөткүчтүн 26,17 пайызы добуш берген. Эске салсак, аталган округ боюнча парламент депутатын шайлоо 10-сентябрда өттү. Өнөктүктө жалпысынан 24 талапкер ат салышкан.