Кыргызстандык суучул Денис Петрашов 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына лицензия жеңип алды

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына лицензия жеңип алды. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчуга Японияда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгы менен Олимпиадага жолдомо ыйгарылды.

 

Петрашов буга чейин Рио-де-Жанейродо жана Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына катышкан.