БШК Жогорку Кеңешке депутат кылып Кубанычбек Самаковду каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке депутат кылып Кубанычбек Самаковду каттады. Мекемеден билдиришкендей, Самаковго депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

 

20-сентябрда Боршайком Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, 5 миң 279 добуш алган талапкер Кубанычбек Самаков жеңүүчү деп тапкан.