Эртеңден тарта Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 6 миң 800 абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт.
«Бишкек электр тармактары» ишканасы ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.
Белгиленгендей, ишкананын “Абоненттин балансы” рубрикасы иштеп келет. Анын жардамы менен бардык абоненттер өздүк эсебин каалаган учурунда биле алышат.