Жалал-Абаддан Бишкекке каттаган айдоочулар автобекетке көчүрүлдү

Жалал-Абад шаарынын Түмөнбай Байзаков проспектиси менен Чехов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Жалал-Абад — Бишкек багыты боюнча каттам жүргүзгөн таксилер автобекетке көчүрүлдү.

Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан кабарлашты.

 

Учурда унаа тыгындарынын алдын алуу максатында жеринде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери түшүндүрүү иштерин алып баруу менен бирге эскертүүгө баш ийбеген айдоочуларга мыйзам чегинде чараларды көрүүдө.

 

Мындан ары Бишкек шаарына каттаган айдоочулар жана жүргүнчүлөр сапарга чыгуу үчүн автобекетке барышы керек.