Жоламан Шаршенбеков эки жолку Дүйнө чемпиону болду

Балбан Жоламан Шаршенбеков Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды.

 

Шаршенбеков 23-сентябрда грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта финалда Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын эки жолку чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси, жапониялык Кеничиро Фумитаны 11:6 эсебинде утту.

 

Эки балбан буга чейин 2020-жылы Азия чемпионатынын финалында беттешип, таймашта жапониялык жеңишке жеткен.