Чүй облусунда Кемин – Ильич – Актүз унаа жолун калыбына келтирүү иштери башталды

Чүй облусунда Кемин – Ильич – Актүз унаа жолун калыбына келтирүү иштери башталды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурга карата пландалган 4 чакырымдын 1 чакырымына асфальт-бетон төшөлдү.   Жумуштар сентябрдын аягында жыйынтыкталат.

Алай районунун Капчыгай тилкесине чакан ГЭС куруу иштери башталды

Алай районунун Капчыгай тилкесине чакан ГЭС куруу иштери башталды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду курулушка 4 миллион 200 миң доллар бөлүп берет.   Кичи ГЭСти 2024-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Андан 9 мегаватт электр энергиясы иштелип чыгып, Алай районунун 80… Кененирээк…

Каттамдардан алынган маршруттук таксилердин айдоочуларына автобус айдоо сунушталды

Каттамдардан алынган маршруттук таксилердин айдоочуларына автобус айдоо сунушталды. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэринин милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов билдирди.   Анын айтымында, №100, 105, 152, 195 жана  212-маршруткалардын ордуна эми автобустар жүрөт. Алардын айдоочулары кааласа, автобустарды айдай алат.   Айрымдарынын тиешелүү айдоочулук категориясы жок болгондуктан, аларга акысыз… Кененирээк…

Жаңы окуу жылынын башталышы менен жол инспекторлору мектептердин жанындагы көзөмөлдү күчөттү

Жаңы окуу жылынын башталышы менен жол инспекторлору мектептердин жанындагы көзөмөлдү күчөттү. Өлкөнүн бардык аймактарында “Көңүл бургула, балдар” акциясы башталды.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, билим берүү мекемелеринин жанындагы көчө кесилиштерде инспекторлордун посттору уюштурулду. Акция окуучулардын катышуусу менен жол кырсыктарын алдын алууга багытталат.

Бишкекте жаңы автобустар айрым маршруттук таксилердин каттамдарына кое берилди

Бишкекке Кытайдан келген жаңы автобустар бүгүн каттамга чыкты. Мэриянын маалыматына караганда, автобустук жаңы 3 линия ачылып, бешөө маршруттук таксилер каттаган схеманын ордуна коюлду.   Жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн ошол эле маршруткалардын линиясынын номери автобустарга берилген. Жаңы линиялар — №15, 51 жана 52. Ал эми маршруттук… Кененирээк…

Бишкекте жана Чүйдө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде 1-сентябрда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармагы” ишканасынын маалыматына караганда, Чүйдүн бардык райондорундагы отуздай айылда жана Токмок, Кара-Балта шаарларында саат 9дан 17ге чейин оңдоо, техникалык тейлөө, бактарды бутоо иштери жүргүзүлөт.   Ушундай эле себепке байланыштуу Бишкектин бир нече көчөсүндө,… Кененирээк…

Грета Гервигдин “Барби” тасмасы Варнер Броз студиясынын тарыхындагы эң кирешелүү тасма деп аталды

Грета Гервигдин “Барби” тасмасы Варнер Броз студиясынын тарыхындагы эң кирешелүү тасма деп аталды. Ал дүйнөлүк прокатта 1 миллиард 340 миллион доллар чогултту.   Ага чейин 12 жыл бою студиянын лидерлигин “Гарри Поттердин” соңку бөлүгү сактап келген. Финал прокатта 1 миллиард 315 миллион доллар чогулткан болчу.… Кененирээк…

Бишкекке Кытайдан келген жаңы автобустар бүгүн каттамга чыкты

Бишкекке Кытайдан келген жаңы автобустар бүгүн каттамга чыкты. Мэриянын маалыматына караганда, ордо калаанын автотранспорттук ишканасы 200 автобус менен толукталган.   Алар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ташууга ылайыкталып, видеокөзөмөл камералары менен камсыздалган. Андан тышкары, коомдук транспортто накталай эмес төлөмдү кабыл алуу үчүн валидаторлор орнотулган.  … Кененирээк…

Оштун тургундары эми таза суусуз калбайт

Оштун тургундары эми таза суусуз калбайт. Шаар калкын таза суу менен камсыз кылган жаңы суу алуучу резервуарлар ишке кирди. Президент администрациядан билдиришкендей, ар бир резервуардын көлөмү 6 миң куб метрди түзөт.   Долбоордун баасы 194 миллион сом. Белгилеп кетсек, Ош шаарында көп жылдардан бери ичүүчү… Кененирээк…

Бүгүн Билим күнү

Бүгүн Билим күнү. Кыргызстандын 2 миң  200дөн ашык мектебинде саат 9да салтанаттуу линейка башталат. Андан кийин окуучуларга мугалимдер Мекен темасында ачык сабак өткөрөт.   Толук кандуу окуу процесси болсо 4-сентябрда башталат. Быйыл биринчи класска 160 миңдей бала кабыл алынды. Кабыл алуу электрондук форматта апрелден августтун… Кененирээк…