Бишкек жана Чүй облусунун ооруканалары санариптик амбулатордук карталарга өтөт

Бишкек жана Чүй облусунун ооруканалары эки айдын ичинде санариптик амбулатордук карталарга өтүшү керек. Мындай тапшырманы Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев берди.   Бул мезгилде медициналык мекемелердин жетекчилери бардык чараларды көрүп, бейтаптарга шарт түзүп бериши зарыл.

Ордо калаада 10 тез татым жайы убактылуу жабылды

Ордо калаада 10 тез татым жайы убактылуу жабылды.   Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору соңку эки күндө 37 тез татым жайын текшерген. Аныкталган кемчиликтерге байланыштуу жалпысынан 36 протокол толтурулуп, 588 миң сом айып пул салынды.   Эске салсак, текшерүүлөр шаурмага массалык уулануудан кийин башталган. Жабыркагандардын… Кененирээк…

Кыргызстанда орто мектептерде 841 мугалим жетишпейт

Кыргызстанда орто мектептерде 841 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева билдирди.   Маалыматка ылайык, Бишкекте 213, Ош шаарында 25, ал эми Баткен облусунда 129 мугалим тартыш. Алардын көбү орус тили жана так илимдер боюнча предметтерге тиешелүү.   Кыргызстанда… Кененирээк…

Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 20-22-октябрь аралыгында ордо калаанын Эски аянтында “Алтын күз” жарманкеси уюштурулат.   Анда шаар тургундары эт, бал, жашылча-жемиштерди өндүрүүчүлөрдөн дүн баада сатып алса болот.

Август айында Бишкекте орточо айлык 462 долларды түздү

Август айында Бишкекте орточо айлык 462 долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Ведомстводон билдиришкендей, Астанада орточо айлык 1 миң 48 доллар, Москвада — 1 миң  599 доллар, Минскте — 857 долларды түздү.   Буга чейин республика боюнча бир жумушчунун орточо айлык акысы… Кененирээк…

Кыргызстанда ачылган эки казинону иштетүүдөн август айында мамлекеттик бюджетке 14 миллион 850 миң сом түштү

Кыргызстанда ачылган эки казинону иштетүүдөн август айында мамлекеттик бюджетке 14 миллион 850 миң сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин отчетунда айтылат.   Ал эми 2023-жылдын январь-август айларында салык түрүндө 46 миллион 350 миң сом чогулду. Андан тышкары букмекердик кеңселерден жана лотереялардын ишинен бюджетке 1 миллион 400 миң… Кененирээк…

Бишкекте 10 тез татым жайы убактылуу жабылды

Бишкекте 10 тез татым жайы убактылуу жабылды. Шаардык сан-эпидем көзөмөл борбору 2 күндө 37 тез татым түйүнүн текшерип, 36 протокол түзүлдү.   Жалпысынан 588 миң сомго айып салынды. Текшерүүлөр дагы улантылат.   Эске салсак,  ордо калаанын Чүй-Сүйүмбаев көчөлөр кесилишиндеги эки тез татым жайынан шаурма жеген… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаңы мектеп пайда болот

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаңы мектеп пайда болот. Мамлеке  ттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, Орлиное айылында жайгашкан мектеп 150 окуучуга чакталат.   Билим берүү мекемесин курууга аймактык курулуш башкармалыгы 90 миллион 800 миң сом багыттайт деп пландалууда.

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолуна соккуга каршы буферлер орнотулууда

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолуна соккуга каршы буферлер орнотулууда. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда иштер жолдун 83, 124 жана 126-чакырымдарында жүрүп, атайын буферлер кооптуу тилкелерге коюлуп жатат.   Кум толтурулган челектин бийиктиги 80 сантиметр, диаметри 55 сантиметрди түзүп, салмагы 200 килограммга жетет.   Кырсык болгон учурда… Кененирээк…

Бишкекте тез татымда уулангандардын саны 70тен ашты

Бишкекте тез татымда уулангандардын саны 70тен ашты. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Жалпысынан Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына 71 адам кайрылган, 36сы жаткырылды, алардын бешөөсү жаш балдар. Учурда алардын абалы канааттандыраарлык.   Эске салсак, уулангандар Бишкектеги Чүй жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн… Кененирээк…