Кыргызстанда орто мектептерде 841 мугалим жетишпейт

Кыргызстанда орто мектептерде 841 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Бишкекте 213, Ош шаарында 25, ал эми Баткен облусунда 129 мугалим тартыш. Алардын көбү орус тили жана так илимдер боюнча предметтерге тиешелүү.

 

Кыргызстанда жалпысынан 82 миң мугалим бар.