Август айында Бишкекте орточо айлык 462 долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Ведомстводон билдиришкендей, Астанада орточо айлык 1 миң 48 доллар, Москвада — 1 миң 599 доллар, Минскте — 857 долларды түздү.
Буга чейин республика боюнча бир жумушчунун орточо айлык акысы январь-март айларында 30 миң 729 сомду түзгөнү маалымдалган.