Бишкекте 10 тез татым жайы убактылуу жабылды. Шаардык сан-эпидем көзөмөл борбору 2 күндө 37 тез татым түйүнүн текшерип, 36 протокол түзүлдү.
Жалпысынан 588 миң сомго айып салынды. Текшерүүлөр дагы улантылат.
Эске салсак, ордо калаанын Чүй-Сүйүмбаев көчөлөр кесилишиндеги эки тез татым жайынан шаурма жеген 71 адам ууланды. Учурда анын 36сы инфекциялык ооруканада тиешелүү дарылануу алып жатат, калгандары амбулатордук дарыланууда.