Кыргызстанда ачылган эки казинону иштетүүдөн август айында мамлекеттик бюджетке 14 миллион 850 миң сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин отчетунда айтылат.
Ал эми 2023-жылдын январь-август айларында салык түрүндө 46 миллион 350 миң сом чогулду. Андан тышкары букмекердик кеңселерден жана лотереялардын ишинен бюджетке 1 миллион 400 миң сом түшкөн.
Эске салсак, Кыргызстанда казино иштетүүгө биринчи лицензия май айында берилген. 28-сентябрда дагы бир лицензия берилди.