Кыргызстанга мигранттардын акча которуусу азайды

Кыргызстанга мигранттардын акча которуусу азайды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, ушул жылдын январь-августунда чет жакта иштеген кыргызстандыктар мекенине 1 миллиард 263 миллион доллар  которду.

 

2022-жылдын ушул мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 650 миллионго аз. Которуулардын басымдуу бөлүгү  Россияга туура келет. Андан кийин АКШ, Түркия, Казакстан, Германия жана башка мамлекеттер турат.