Бишкекте заманбап перинаталдык борбор курулууда

Бишкекте заманбап перинаталдык борбор курулууда. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул жерде кош бойлуу кезде патологиясы бар аялдарга жана жаңы төрөлгөн балдарга кам көрүлөт.

 

Оорукана 100дөн ашык бейтапты кабыл алат.

 

Курулуш иштери Германия өнүктүрүү банкынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Борбор ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилери күтүлүп жатат.

 

Мындай объектилерди Ош жана Талас облустарында да куруу пландалууда.