Нарында жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 19-октябрь күнү, саат 21:16да Нарын облусунун аймагында очогундагы күчү үч баллды түзгөн жер титирөө катталды.

Силкинүү Кочкор районунун Кочкор, Большевик, Кара-Суу, Кара-Тоо айылдарында — үч балл, Терек, Ак-Жар, Арсы, Семиз-Бел, Кара-Саз, Кара-Күнгөй айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

1-октябрда Ысык-Көлдө күчү очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Кыргызстанда 12 район сейсмикалык кооптуу зонада жайгашкан. Чүй облусунда сейсмикалык кооптуулугу жогору зонага — Бишкек шаары, Аламүдүн жана Сокулук райондору кирет. Жалал-Абад облусунда — Базар-Коргон, Ноокен жана Сузак райондору, Ош облусунда — Ош шаары, Араван, Кара-Суу , Өзгөн райондору, ал эми Баткен облусунда — Кадамжай району, Нарын облусунда — Кочкор району кооптуу зоналар болуп саналат.

Өлкөдө жылына орто эсеп менен 3 миң жер титирөө катталат, анын он-жыйырмага жакыны беш баллдан ашкан магнитудадагы жер титирөөлөр. Жер титирөөнүн очогу жер кыртышынын чегинде жайгашкан. Көпчүлүк гипо-борборлор беш чакырымдан 25 чакырымга чейинки тереңдикте орун алган.