Варшавада 22 жаштагы өзгөчө тапкыч ууру кармалды

Варшавада 22 жаштагы өзгөчө тапкыч ууру кармалды. Эркек манекен болуп, бир нече дүкөндөрдү тоноого жетишти. Ал витринага манекен сыяктуу болуп соода борбору жабылганга чейин кыймылсыз тура берген.

 

Андан кийин ал зер буюмдар дүкөнүн, кийим-кече бутигин тоноп, ресторандардын биринде акысыз тамактанып алды. Бирок коопсуздук кызматы акыры аны байкап калган. Учурда амалкөй ууру полицияда сурак берүүдө.