Таласта көп функционалдуу жаңы спорт комплекси ачылды

Таласта көп функционалдуу жаңы спорт комплекси ачылды. Объект Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылында жайгашкан. Анда машыгуу жана спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн бардык керектүү жабдуулар каралган.

 

Комплекс спорттун ар кандай түрлөрү боюнча ден соолукту чыңдоого, ошондой эле спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган. Тактап айтканда, баскетбол, волейбол, футзал, күрөш, бокс жана башка секцияларга катышуу үчүн залдары бар.