Тоң районунун тургуну 60 жылдык мааракесин адаттан тыш белгиледи

Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын тургуну Рысбек Мусабаев 60 жылдык мааракесин белгилөө үчүн чогулткан 5 миң долларга жергиликтүү мектепке 500 китеп, эмерек жана жабдууларды сатып берди.

 

Ошондой эле, билим берүү мекемесинде салттуу коңгуроонун ордуна “комуз күүлөрү” программасы орнотулду.

 

Рысбек Мусабаевдин демилгесин ишке ашырууга уулу жардам берген.