Ушул жумадан тарта көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет

Ушул жумадан тарта Кыргызстанда көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.

 

Катуу отунга бааны көзөмөлдөө үч ай бою күчүндө болот. Мындай чечим көмүрдүн баасынын жогорулашына жол бербөө, анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

 

Көмүрдүн баасынын максималдуу чегин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы аныктайт.