Ата-мекендик “Абдыш-Ата” Тажикстандын “Равшан” футболдук клубу менен беттешет. Оюн эртең, 26-октябрда коңшу өлкөнүн Гиссар шаарында, Бишкек убактысы боюнча кечки саат 8де башталат.
Спорттук иш-чара Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тайпалык этабынын үчүнчү турунун алкагында уюштурулууда.