АКШда жүргүнчү анын үстүнө кофе төгүлгөнү үчүн авиакомпанияны сотко берди

АКШда жүргүнчү анын үстүнө кофе төгүлгөнү үчүн авиакомпанияны сотко берди. Вьетнамдан Нью-Йоркко учуп бараткан адам борт коштоочудан суусундук берүүнү суранган.

 

Стюардесса ысык кофени кокусунан эркектин колуна төгүп алган. Мындан улам жүргүнчү өзүн ыңгайлуурак орунга алмаштырууну суранган, бирок ага уруксат берилген эмес.

 

Доо арызында америкалык кофенин айынан экинчи даражадагы күйүк алып, татуировкасы бузулганын билдирген.

 

Эми ал учактагы жагдай үчүн компенсация талап кылууда.