Жаңы Ак үйдүн жанына башка объекттерди курууга тыюу салынды

Президенттик администрациянын жаңы имаратынын жанына башка объекттерди курууга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Документке ылайык, 500 метр радиуста кыймылсыз мүлк курууга болбойт. Бирок мындай талаптын мамлекеттик жана муниципалдык имараттарга тиешеси жок.