Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы туруктуу

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы туруктуу. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.

 

Маалыматта Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясы жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен күйүүчү майга мониторинг жүргүзгөнү айтылат.

 

Белгиленгендей, дүйнөлүк мунай жана мунай продуктулары учурда баанын өсүшү менен мүнөздөлүп жатат. Ал эми Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майдын наркы Россиядагы мунай иштеткен заводдордун баасына жараша болот