Лондондо легендарлуу “Битлз” группасынын үйү сатыкка коюлду

Лондондо легендарлуу “Битлз” группасынын үйү сатыкка коюлду. Особняк грузин стилинде курулган жана оригиналдуу паркет полдору, гипс панелдери, алтын жалатылган шыптары жана бир нече очоктору бар.

 

Башында үй аталган топтун менеджерине таандык болгон. Бирок “Битлздын” популярдуулугу арткан сайын, музыканттар үчүн резиденция табуу зарылчылыгы келип чыккан.

 

Бул жерде алар жашап гана тим болбостон, чыгарма да жаратышкан.