Кыргызстанда жыл башынан бери күрүч дээрлик 1,5 эсе кымбаттады

Кыргызстанда жыл башынан бери күрүч дээрлик 1,5 эсе кымбаттады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, эгер 2-январга карата аталган азыктын бир килограммы 94 сом болсо, 2-ноябрда баалар 143 сомго жетти.

 

Учурда эң кымбат күрүч Кара-Сууда сатылууда – килограммы 188 сомдон. Ал эми эң төмөнкү баалар Өзгөн жана Токмок шаарларында катталды. Белгилеп кетсек, Кыргызстан күрүчтү 5 өлкөгө экспорттоп, 13 өлкөдөн кайра сатып алат.