Өзгөн районунун Алга айылында мектептин курулушу жыйынтыкталды

Өзгөн районунун Алга айылында мектептин курулушу жыйынтыкталды. Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Мырзабек Жыпаркуловдун айтымында, имарат 150 орунга чакталып, окуучулар үчүн каалгаларын ачты.

 

Мектепте окуу класстарынан тышкары спорт зал, ашкана, музыка залдары жана лаборатория бар.