Өлкөнүн банктары өз банкоматтарын жаңы купюраларды алууга ылайыкташтырууга милдеттендирилет. Тиешелүү токтом долбоорун Улуттук банк даярдады.
Ага ылайык, өлкөнүн башкы каржы мекемеси жаңы банкноталарды чыгаруу жөнүндө жарыялаган учурдан тарта 6 ай ичинде бардык банкоматтар аларды кабыл алышы керек деген талап жазылат.
Бул жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багытталган иш-чара.