Кыргызстандыктар төлөмдөрдү көбүнчө банкоматтардан акча чыгарбастан карта менен жүргүзө баштады

Кыргызстандыктар төлөмдөрдү көбүнчө банкоматтардан акча чыгарбастан карта менен жүргүзө баштады. Анткен менен накталай акчанын көлөмү баары бир көптүк кылууда.

 

Экинчи кварталдын жыйынтыгы боюнча, картаны колдонуу менен 53,6 миллион транзакция жүргүзүлүп, жалпы суммасы 203 миллиард сомду түзгөн. Белгилеп кетсек, биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча, карта менен 42,5 миллион транзакция жүргүзүлгөн.