Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары жолчулардын көзөмөлү алдында

Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары жолчулардын көзөмөлү алдында.

 

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жеринде атайын техника дагы иштеп жатат, трасса кардан ташаланып, инерттүү материал себилүүдө.

 

Тоолуу аймактарга сапарга чыга турган айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, унаанын техникалык абалын текшерип, жол эрежелерин бузбай жүрүү сунушталат. Ошондой эле унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо маанилүү.