Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун 15 жаштагы уулу 1,5 айда 9 медаль менен сыйланды. Адам Кадыровго берилген сыйлыктардын арасында “Россиянын эмгек кайратманы” медалы, Татарстандын “Достук” ордени, “Чеченстандын баатыры» деген наам бар.
Эске салсак, 5-ноябрда 15 жаштагы Кадыров республиканын жетекчисинин коопсуздугун камсыздоо кызматына бөлүм башчы болуп дайындалган.