Бишкекте өткөн айда орточо айлык 435 долларга же 38 миң 814 сомго теңелди

Бишкекте өткөн айда орточо айлык 435 долларга же 38 миң 814 сомго теңелди.

 

Октябрь айына карата маалыматты Улуттук статистика комитети таратты. Казакстандын борбору Астанада орточо маяна 948 доллар болсо, Минск шаарында 799 доллар, ал эми Москвада 1 миң 275 долларды түзөт.

 

Салыштыра турган болсок, Бишкекте орточо айлыкка 70 килограмм уй этин алса болот, Москвада болсо  3 эсе көп – 194 килограмм.