Ошто Ак-Буура дарыясынын айланасын көрктөндүрүү боюнча иштер уланууда

Ошто Ак-Буура дарыясынын айланасын көрктөндүрүү боюнча иштер уланууда. Мэриядан билдиришкендей, жумуштар Тилеке Баатыр көчөсүнүн Нурматов-Навои көчөлөрүн камтыган тилкесинде жүрүп жатат.

 

Бул участокто шаар тургундары үчүн эс алуу аймагы түзүлүп, 14 тапчан жана кичи аралдар пайда болот. Ошондой эле жарык системасы орнотулуп, тротуар салынат. Иштер жыл аягына чейин жыйынтыкталат деп пландалууда.