Кыргызстандыктар микрокредиттерди көбүрөөк ала башташты

Кыргызстандыктар микрокредиттерди көбүрөөк ала башташты. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, январь айынан сентябрга чейин акча алгандардын саны 533 миң адамдан ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12 пайызга көп.

 

Быйылкы жылы берилген каражаттардын көлөмү 37 миллиард сомго жакындады, бул былтыркы көрсөткүчтөн 29 пайызга көп.

 

Микрокредиттерди негизинен Бишкек шаарынын, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын тургундары алышкан. Акчанын негизги бөлүгү керектөө муктаждыктарына, айыл чарбасын, сооданы, тамак-аш жана курулушту өнүктүрүүгө багытталганы айтылды.