Унаа айнектерин караңгылатуу боюнча акция үч күндөн кийин аяктайт

Арзандатылган баада унаа айнектерин караңгылатуу акциясы үч күндөн кийин аяктайт. Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси эскертет.

 

30-ноябрга чейин машиненин алдыңкы эшиктеринин терезелерин караңгылатууга уруксат жеке адамдар үчүн 50 миң сом, юридикалык жактарга 70 миң сом жана чет өлкөлүк жарандар үчүн 90 миң сом болууда. Мындан ары сумма 80 миң сомдон башталат.

 

Эске салсак, Кыргызстанда тонировкага уруксат өткөн жылдын май айында берилген.