Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүм, соттук-укуктук суроолор жана регламент боюнча комитети Кыргызстан желегин өзгөртүү демилгесин бир добуштан колдоду

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүм, соттук-укуктук суроолор жана регламент боюнча комитети Кыргызстан желегин өзгөртүү демилгесин бир добуштан колдоду. Мыйзам долбоор биринчи окууда жактырылды.

 

Документке ылайык, желектеги толкундуу күн нурлары эми түз болуп өзгөртүлөт. Талкуу учурунда белгилүү болгондой, министрлер кабинети дагы мындай өзгөртүүлөргө каршы эмес.

 

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов белгилегендей, өлкө башчы жана өкмөт аппараттары мыйзам долбоорду колдойт.