Кыргызстанда курч респиратордук вирустар күч алууда

Кыргызстанда курч респиратордук вирустар күч алууда. Ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл департаментинен билдиришкендей, өткөн жумада 5 миңден ашык учур катталды.

 

Алардын көбү жаш балдар. Дарыгерлер респиратордук инфекциялар сезону учурунда бет кап режимин сактап, эл көп чогулган жерлерге барбай, бөлмөнү тез-тезден желдетип турууну сунуштайт. Оорунун белгилери байкалса, дароо үй-бүлөлүк медициналык борборго кайрылуу керек.