Жалал-Абад шаарындагы №1 мектептин жаңы имаратынын курулушу аяктоодо

Жалал-Абад шаарында №1 М.Бабкин атындагы мектеп-гимназиясынын 375 окуучуга ылайыкталган кошумча окуу корпусу дээрлик курулуп бүттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, үч кабаттан турган мектеп типтүү курулуп, анда ашкана, окуу класстары, китепкана, талаптагыдай лабораториялык каналар орун алган.

 

Аталган мектептин курулушу өткөн жылы башталып, ал үчүн республикалык бюджеттен 75 млн сом бөлүнгөн.

 

Мектептин окуу корпусун ушул жылдын декабрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.