Оштогу мыйзамсыз жайлар бузула баштады

Ош шаарындагы мыйзамсыз, келишим эрежелерин сактабаган коомдук тамактануучу жана соода жайлары бузула баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, учурда буфердик зонада жайгашкан Green Hоuse кафесин, Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын алдындагы жашыл аймакта жайгашкан «Сансара» кафесин, ошондой эле гүл жана соода-сатык багытындагы түйүндөрүн алып салуу иштери жүрүп жатат.

 

Аталган жайлардын ээлерине буга чейин Ош шаарынын мэриясы, тиешелүү мекеме-ишканалар тарабынан бир канча жолу эскертүүлөр берилген, бирок талап аткарылган эмес.