Дордой жана Кара-Суу базарлары ККМ колдонуудан бошотулду

Дордой жана Кара-Суу базарлары ККМ колдонуудан бошотулду. Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабековдун айтымында, аталган базарлар өзгөчө режимдеги соода аймагына киргизилген.

 

Андыктан бул жерде соода кылган бардык ишкерлер субъекттин каалоосуна карабастан өзгөчө режимде каттоодон өтүшү керек. Алар көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуу милдетинен бошотулуп, чарбалык салыктын жылдык суммасын ай сайын бирдей үлүш менен төлөп турушат.