Түштүк Корея Ички иштер министрлигине электромобилдерди акысыз берет

Түштүк Корея Ички иштер министрлигине жалпы суммасы 170 миң долларды түзгөн электромобилдерди акысыз берет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, тиешелүү меморандумга министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов менен Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ кол койду.