Бишкектин түштүк тарабында Куттубаев көчөсүнүн курулушу аяктап жатат

Бишкектин түштүк тарабында Куттубаев көчөсүнүн курулушу аяктап жатат. Мэриянын маалыматына караганда, учурда асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө.

 

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында меморандумга кол коюлган. Анда курулуштун уюштуруу маселелери менен акимчилик алектенери, транспорт башкармалыгы техникалык көзөмөл жүргүзүп, каржылоону курулуш компаниялары ишке ашыра турганы белгиленген.