Бүгүн Бишкекте бош орундар жарманкеси өтөт

Бүгүн Бишкекте бош орундар жарманкеси өтөт. Шаардык ишке орноштуруу бөлүмүнөн такташкандай, иш-чара Кыргыз мамлекеттик филармониясында, саат 10до башталат.

 

Анда калкка 6 миңден ашык бош орундар сунушталат. Каалоочулар ошондой эле ылайыктуу кесипти тандоо үчүн тест тапшырса болот.

 

Мындан тышкары, талап кылынган адистиктер боюнча акысыз кайра даярдоо курстары менен таанышууга мүмкүнчүлүк бар.