Бишкекте тротуарларды оңдоо иштери аяктап калды

Бишкекте тротуарларды оңдоо иштери аяктап калды. Бул тууралуу 24 агенттигине вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди. Ал иш графиктен артта калганын моюнга алды. Бул объекттерди бузуу жана ага байланыштуу процедуралар менен шартталган.   Чиновник бардык иштер келерки аптада бүтөт деп ишендирүүдө.   Эске салсак, быйыл ордо калаадагы… Кененирээк…

The Rolling Stones рок группасынын кирешеси миллиард доллардан ашты

Британиялык The Rolling Stones рок группасынын кирешеси миллиард доллардан ашты.   Белгилүү болгондой, концерттер музыкалык топтун мүчөлөрүнө эки миллиард рекорддук киреше алып келген, ал эми 2021-жылы болгону 14 концерт үчүн алардын күйөрмандары жалпысынан 130 миллиондон ашык төлөшкөн.   Ошентип, The Rolling Stones Улуу Британияда миллиарддаган… Кененирээк…

Кыргызстандыктар «Түндүк» тиркемеси аркылуу унаасын онлайн кайра каттай алат

Кыргызстандыктар “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу эми унааны онлайн кайра каттай алат. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, ал үчүн жаран аталган тиркемеге катталышы керек.   Эгер айыптар, туумдар, салыктар, транспорттук каражаттар боюнча чектөөлөр жок болсо машинени онлайн каттоо процесси жеңил болот.   Пилоттук долбоор азырынча бир жылга… Кененирээк…

Бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашат

Кыргызстанда бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу эми ата-энелердин эсебинен ишке ашырылат. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.   Мекеменин маалыматына ылайык, тиешелүү чечим «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 11-августта кабыл алынган жаңы редакциясы менен шартталат. Бирок бул кандай ишке ашат азырынча белгисиз.   Буга чейин балдардын тамагынын жарымы… Кененирээк…

Кыргызстанда көмүрдүн максималдуу баасы бекиди

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүрдүн максималдуу баасын бекитти. Ведомствонун сайтында маалымдалгандай, жергиликтүү отунду Бишкекте “Кыргызкөмүр” ишканасы менен келишим түзгөн базалардан 4 миң 700 сомдон, жеке ишкерлерден тоннасын 5 миң 500 сомдон жана тандалган көмүрдү 6 миң сомдон сатып алса болот.   Ошол эле учурда, көптөгөн… Кененирээк…

Кыргызстанда кызамык боюнча эпидемиологиялык абал оорлошууда

Кыргызстанда кызамык боюнча эпидемиологиялык абал оорлошууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, Бишкекте эки менчик бала бакча жана мектептердин биринде кызамык ооруусу катталгандыктан убактылуу жабылып, тийиштүү аракет көрүлгөндөн кийин кайрадан ачылды.   Каракол шаарында да бир мамлекеттик мектеп илдеттин айынан убактылуу жабылган.… Кененирээк…

“Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

“Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек — Ош унаа жолунда аба ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ушул айда кыргызстандыктар катары менен 5 күн эс алат

Ушул айда кыргызстандыктар катары менен 5 күн эс алат. 7-8-ноябрда белгиленүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү быйыл шейшемби, шаршембиге туура келет.   Министрлер кабинети 6-ноябрь, дүйшөмбүнү 11-ноябрь ишембиге жылдырды. Муну менен өлкөдө 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алуу жарыяланат.   Бирок 11-ноябрда кыргызстандыктар ишке чыгат.

Бүгүнтөн тарта автобус-троллейбуста накталай жол кире 25 сом болот

Бүгүнтөн тарта Бишкекте муниципалдык автобус-троллейбуста накталай жол кире 25 сом болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, 1-ноябрдан баштап ар бир автобус-троллейбуста картасы жок жүргүнчүлөр айдоочудан билет сатып алышы керек.   Ал эми картасы барлардын жол киреси азыркыдай эле 11 сомдон айланат.

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Ал баш калааны 2021-жылдан 2022-жылга чейин башкарган. Кийин президенттик администрациянын президенттин жана өкмөттүн чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалып, ушул кызматты аркалап келаткан.   Буга чейинки калаа башчы Эмилбек… Кененирээк…